Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Пайгамбарыбыз Мухаммедди сүйүүгө үндөгөн кечеде спорт ордосу элге жык толду

Автору: "Умма" журналы / Сүрѳттѳр: Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы / Жарыяланды: 17 апрель 2017

Бишкекте сүйүктүү пайгамбарыбыз Мухаммеддин (Алланын ага салам-салаваттары болсун) туулган айына карата “Мавлид” кечеси өттү. Иш-чара 15-апрелде Кааба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда дин ишмерлери, төкмө акын, ырчы, студент, бала бакчанын тарбиялануучуларынын катышуусунда сахналаштырылган оюн, чыгармалар менен коштолду.

%article_title%

Мавлид кечеси Ыйык Куран окуу менен башталды. Кыргызстан мусулмандарынын азирети муфтийинин орун басары Жоробай ажы Шергазиев, Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абдишүкүр ажы Нарматов, Аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов, “Адеп башаты” фондунун мүдүрү Нурлан Субанов пайгамбарыбыздын өрнөктүү өмүрүнөн кыскача баяндарды сунушту.

%article_title%

Аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов кечеге келген конокторго Кыргызстанда алгачкылардан болуп Куранды толук жатка айткан 99 жаштагы чоң эне менен тааныштырды. Чоң эне - Куран жарышы боюнча республикалык жана эл аралык конкурстарда баш байгелерге ээ болгон Зиябиддин каарынын энеси. Анын өзү, жолдошу, балдары да баары каары, Куранды жатка айтышат.

%article_title%

Спорт ордосунун 95%ы толгон залда кыргыздардын жашоосундагы ислам дининин ордун чагылдырган сахналаштырылган оюн көрсөтүлдү. “Манас” эпосунан Каныкей менен Семетейдин диалогу коюлуп, анда Каныкей баласына кыргыз жери, элинин сулуулугу тууралуу баяндап келип, атасы Манасты Коңурбай намаз окуп жаткан жеринен өлтүргөнүн айтты.

%article_title%

Андан соң Үркүн убагында суукта тоңуп, тоо-таштан ашкан кыргыз эли жүрөгүндөгү ыйманын жоготпой, кыйын кезеңде кудайды оозунан тушүрбөгөнү сүрөттөлдү.

%article_title%

Ал эми Совет мезгилинде динге катуу тыюу салынганы, “орозо - бекерчилердин иши” деп орозо кармагандарды күчтөп суу ичирип, орозосун буздургусу келген көрүнүштөр баяндалды. Акырында 1991-жылы Кыргызстан эгемендикти алган соң дин тутуу эркиндиги берилип, мечиттер элдерге жык толуп, кыргыз эли кайрадан өз тарыхына, эзелтен бери тутуп келген ислам динине кайтканы таасын чагылдырылды.

%article_title%

Төкмө акындар Жеңишбек Жумакадыр менен Аалы Туткучев ислам дининин аруулугун жана пайгамбардын улуу жолун ырга салып, сөз берметтерин теришти.

Кичинекей бөбөктөр тарбия берүүчү кыска көрүнүштөрдү сахналаштырышып, көрүүчүлөрдү ташкындаган таланттары менен таң калтырышты.

%article_title%

“Мавлид” кечеси жыл сайын Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы жана “Адеп башаты” фонду тарабынан уюштурулуп келет.



Башка жаӊылыктар
Бүгүн Ош шаарында "Рамазан Чатыры" салтанаттуу түрдө эшигин ачат
4 июнь 2018
Таласта алгачкы "Ихсан" кайрымдуулук дүкөнү ишке берилди
24 апрель 2018
Жарманкеге келип, балдар үйүнө жардам бериңиз
19 апрель 2018
Талас казыяты аймактагы имамдар менен биргеликте 20 миң түп көчөт отургузат
6 апрель 2018
Улуу Британиядагы “Мусулмандарды жазалоо күнү” туурасындагы жалпы абал
3 апрель 2018
Кыргызстандык ажылардын коопсуздугун камсыздоо максатында атайын мобильдик тиркеме иштелип чыгат
2 апрель 2018
Ош тургундарын "Өз дарагыңды отургуз" акциясына чакырабыз!
22 март 2018
Умма журналынын Ош шаарындагы ыктыярчылары «Таза жашоо» аталган ишембилике катышты
20 март 2018
Кыз-келиндер арасындагы куран жарышы жарыяланат
7 март 2018
Бул жылкы ажылардын кийимин тигүүчүлөр аныкталды
23 февраль 2018
Кыргызстан Ислам Университетинин жамааты кан тапшыруу акциясына катышты
16 февраль 2018
"Баламдын мүнөзү кандай?" аттуу семинарга чакыруу
14 февраль 2018
Ажылыкка катттоо жүрүүдө. Талаптар менен таанышыңыз
5 февраль 2018
Бишкекте 3-февралда Жоолук күнүнө карата иш-чара өтөт
29 январь 2018
Быйыл Сауд Араб Падышачылыгы ажылыкка Кыргызстанга 5400 квота бөлдү
18 январь 2018
Муфтият авиакомпаниялар ортосунда конкурс жарыялайт
12 январь 2018
"ЧайQuizz" оюну: "Люди Х" командасынын жеңиш сыры эмнеде?
8 январь 2018
"Умма-Ош" 1-январда таң эрте ишембиликке чыкты
2 январь 2018
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
18 июнь 2018г.
Багымдат
03:23
Күндүн чыгуу
05:22
Бешим
13:03
Аср
18:21
Шам
21:05
Куптан
22:23