Биригүү. Агартуу. Жаратуу.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
23 июнь 2017г.
Багымдат
03:23
Күндүн чыгуу
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:22
Шам
21:06
Куптан
22:23

Америкалык мусулман Хасандын уюму 23 шаардагы ачка адамдарды тойгузат
Автору: "Умма" журналы / Жарыяланды: 21 апрель 2017

Американын тургуну Замир Хасан түптөгөн биримдик бүгүнкү күндө АКШ менен Канаданын 23 шаарындагы ачка адамдарды тойгузушат. Бул тууралуу Azan сайты Extarordinary сайтына шилтеме берип жазган.

%article_title%

Замир Хасан “Мусулмандар ачкачылыкка каршы” аттуу биримдикти 2000-жылы түптөп, ага ыктыярчыларды чогулта баштаган Ал эми мындай уюм ачуу идеясын ал мындайча түшүндүрөт.

“Менин айланамда ачка уктаган адамдар бар. Эгер кошунам ачка жатса мен кантип тынч уктайм? Анда менин эмнем мусулман? - ”дейт Нью-Джерсилик инженер-прграммист Замир Хасан.
Башында Замир үй-жайсыз адамдар кайда чогуларын билип алып, ал жерлерге тамак-аш ташычу. Бүгүнкү күндө анын атайын тамак жеткирүүчү унаалары бар.

Вашингтондун районунда ыктыярчылар бул биримдикке жазылып, тамак-аш жасап, колунда жокторго таратышат.

“Мен ыктыярчыларды атайын чакырып, топтогон деле жокмун, алар биримдик тууралуу угушуп, өздөрү жазылып жатышат”, - дейт Замир.

Ыктыярчылардын арасында башка ишенимдин өкүлдөрү да бар, анткени алар Замир Хасандын бул кайрымдуулук ишин колдошуп, жактырышкан. Биримдикке учурда АКШдагы 3000 адам мүчө.

Хасандын мындай кайрымдуулук ишмердүүлүгү АКШнын ири телекомпанияларынын көңүлүн бурдурган.

Түбү индиялык Хасан Америкага 1973-жылы Пакистандан окуу үчүн келип, эми бул шаарда ири кайрымдуулук ишин жүргүзүп жаткан кези.



Башка жаӊылыктар
"Рамазан Чатыры", 12-күн: Коноктор Иран маданияты менен таанышышты
22 июнь 2017
Умма-Ош: Активисттер Ош шаарынын тургундарына унутулгус майрам тартуулашты
21 июнь 2017
"Рамазан Чатырынын" 10-күнү эстафетаны Катардын Кыргызстандагы элчилиги улады
20 июнь 2017
"Рамазан Чатыры", 8-күн: чыныгы ашлямфу, томомо таттуусу менен дунган диаспорасы
17 июнь 2017
"Рамазан Чатыры", 5-күн: Уйгур диаспорасы берекелүү дасторкон жайды
14 июнь 2017
ФОТОБАЯН: "Муундар маеги" 500дөй жетим балага чоң майрам тартуулады
5 июнь 2017
Көлдүк Сергей кантип мусулман болду?
31 май 2017
Нарындыктар орозодо спирт ичимдиктерине тыюу салышты
29 май 2017
Ала-Букалык классташтар 10 жылдыкта айылына көпүрө салып беришет
17 май 2017
Эрдоган мусулмандарды аль-Акса мечитин көп-көп зыярат кылууга чакырды
16 май 2017
Япондуктар 1-жолу метрого мечит курушту
15 май 2017
Азирети муфтийдин Америкадагы 12 күндүк иш сапары
12 май 2017
Казахстандык имам 7 баланын энесине "Тойота Камри" белек кылды
8 май 2017
19 жаштагы Абдурахман дүйнөлүк Куран жарышында 3-орунду алды
5 май 2017
Азирети муфтий Чикагодогу кыргыздар менен жолугат
4 май 2017
"Ак жоолук ажары" фонду: 1000ге жакын кыз "Турмуш мектебинен" өттү
28 апрель 2017
Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Афганистандагы кыргыздар менен жолугушат
27 апрель 2017
Түштүк Корея халал азыктарына кызыгууда
24 апрель 2017