Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

"Ак жоолук ажары" фонду: 1000ге жакын кыз "Турмуш мектебинен" өттү

Автору: "Умма" журналы / Сүрѳттѳр: Ак жоолук ажары / Жарыяланды: 28 апрель 2017

Кечээ, 27 – апрелде, “Ак жоолук ажары” коомдук кайрымдуулук аялдар фонду тарабынан уюштурулган “Ийгиликтүү айым” долбоорунун жыйынтыктоочу иш-чарасы өттү. Аталган долбоор 2016-жылдын сентябрь айынан баштап киришип, ага 1000ге жакын кыз-келиндер катышты.

%article_title%

Долбоордун алкагында кесиптик жактан өнүгүү, турмушка даярдоо, чыгармачылыкты өнүктүрүү, ийгиликтүү айымдар менен жолугушуулар, университеттерде студент кыздар менен сырдашуу, кулинардык, өзүнө - өзү кам көрүү сыяктуу мастер - класстар уюштурулган.

%article_title%

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде өткөн жыйынтыктоочу жолугушууда Кыргыз-Түрк “Манас” Университетинин мугалими, тарых илимдеринин доктору Абдыкулова Роза Аманбаевнадан “Кыргыз аялзатынын сапаттары өтмүштөн бүгүнкүгө” аттуу лекциясы, психолог Рысбекова Алтын Рысбековадан «Даанышман аял заты», үй- бүлө мамилелер боюнча эксперт Талипова Нуржан Абдиевнадан “Аялдык вазыйпаңды эсте” мастер - класстары, окутуучу Бакирова Гүлшайыр Туратбековнадан “Бактылуу үй-бүлөдөгү аялдын ролу” темасындагы лекциялар өтүлдү.

%article_title%

Мындан тышкары социалдык тармактар аркылуу жарыяланган “Гүлдүү панно”, “Ободок сиздики болсун” конкурстарынын жеңүүчүлөрүнө белектер тапшырылды.

%article_title%

Өзүн өнүктүрүүгө, билимин тереңдетүүгө кызыккан кыз-келиндердин башын бириктирген иш-чара коомдогу, туугандар арасындагы жана үй-бүлөдөгү аялзатынын ордун жана ролун талкуулашты.

Ислам дининде аял менен эркектин ролдору так бөлүштүргөнүн жана бул нерсе үй-бүлөдөгү гармонияны бекем сактап турары практика менен илимде далилденгенин спикерлер айтышты.

Өз кезегинде “Умма” ислам журналынын башкы редактору Элиана-Марьям Сатарова “Ак жоолук ажары” коомдук кайрымдуулук аялдар фонду жүргүзүп жаткан иштин маанилүүлүгүнө токтолуп, аялзаты бардык тараптан билимдүү болушу керектигин айтты.

"Биз учурда маалымат доорунда жашап жатабыз. Билимдүү болуу ар бирибиздин колубуздан келет. Ал үчүн болгону каалоо жана тынымсыз эмгек керек",- деди М.Сатарова.

%article_title%

«Ак Жоолук Ажары» коомдук аялдар кайрымдуулук фонду 2008-жылдын 10-апрелинде негизделген. Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинен каттоодон өткөн күндөн баштап бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстанда жашап жаткан ар улуттун кыз-келиндери, жалпы эле аял заты менен тыгыз мамиледе болуп, коомдук, маданий, социалдык жана илимий иш-чараларды уюштуруп келет. Фонддун жетекчиси Айжан Орозбаева, аялдарга арналган мындай иш-чараларды алдыда дагы да өткөрүшөрүн кошумчалады. "Ак жоолук ажары" фондунун башкы максаты Кыргызстанда аял затын ар тараптуу өнүктүрүү, кыргыз элинин улуттук каада-салттарын жандандыруу, коомду адеп-ахлактык баалуулуктарга үгүттөө, кыргыз кыздарынын даанышмандыгы, максаттуулугу тууралуу коомдук пикирди калыптандыруу, гармониялуу үй-бүлөлүк мамилени курууга көмөктөшүү, үй-бүлөнүн саламаттыгын сактоо жана сергек жашоо образын түзүү болуп эсептелет.

1 / 6



Башка жаӊылыктар
Министрлик диний аалымдарды төш белги жана ардак грамота менен сыйлады
18 июнь 2020
Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин алгачкы илимий журналы жарык көрдү
12 июнь 2020
Быйылкы Рамазанда чогулган битир-садака былтыркыга караганда 23 миллион сомго аз болду
11 июнь 2020
Мусулмандардын эл аралык «NAMA» фонду Кыргызстанга жардам берет. Тизмеси менен таанышыңыз
8 июнь 2020
Мечит жана намазканалар 8-июндан тарта ачылат
4 июнь 2020
Муфтий Максат ажы: "Үйүңүздөргө конок чакырып, ооз ачуу уюштурбагыла, таравихти үйдө окугула"
13 май 2020
Бул жылга садака-фитирдин өлчөмү жана берүү жолдору
11 май 2020
Бүткүл дүйнөлүк мусулман жаштары ассамблеясы 6000 үй-бүлөгө жардам таратууда
18 апрель 2020
Мусулмандардын “Ас-Сафа борбору” бирикмеси коронавирус менен күрөшүүгө 19 миллион 750 миң сом бөлдү
25 март 2020
“Лингва” фондунун жардамы менен диний окуу жайлардын студенттери англис тилин акысыз үйрөнүшөт
6 март 2020
Жарыя! “Куран жазы” аттуу республикалык Куран жарышы өтөт. Тандоо туруна катышыңыз
4 март 2020
"Бейиш балдары" фонду: Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана алардын апалары коомдун колдоосуна муктаж
24 февраль 2020
Нурзат Токтосунова: “Бардык жолдор исламга алып барат. Жоолук салынып, дагы бир парзымды аткардым”
19 февраль 2020
Гарвард университети “адилеттүүлүккө” берилген эң мыкты аныктаманы Ыйык Курандан тапты
10 февраль 2020
Кыргызстандык студенттер Малайзияда өткөн азиялык араб тили дебатында 3-орун алышты
6 февраль 2020
Журналисттер үчүн конкурс жарыялайбыз!
16 январь 2020
Таласта имамдын демилгеси менен айыл жаштары мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөгө турак жай курушууда
8 январь 2020
Москванын чоң залында пайгамбарыбызды (ﷺ) таанытуу кечеси болот. Билеттер сатыкта
30 декабрь 2019
Намаз убактылары
9 июль 2020г.
Багымдат
3:20
Күндүн чыгуу
5:32
Бешим
13:07
Аср
18:24
Шам
20:46
Куптан
22:27
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов