Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Эркиндик бульварына "китеп уячалары" орнотулду

Автору: "Умма" журналы / Сүрѳттѳр: "Кабар" агенттиги / Жарыяланды: 11 май 2017

Эми Эркиндик бульварында жөн гана сейилдебестен, таза абада отуруп, китеп окууга да мүмкүн. Жаштардын демилгеси менен бульварга 12 даана китеп уячалары орнотулду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине “Читающий Эркиндик” долбоорунун координатору Атай Самыйбек уулу кабарлайт.

%article_title%

Анда жазылгандай, бул китеп уячаларынан каалаган адам китеп алып, аны окуп бүткөн соң, кайра ордуна алып барып коюсу зарыл. Уячадан китеп алып жаткан адам сөзсүз түрдө ордуна башка китепти калтырып кетүүсү керек.

“Мындай жол менен тургундар акысыз түрдө китеп алмашып окуй алат. Биз китеп окууну баарына жеткиликтүү кылгыбыз келди. Бул өз кезегинде шаар тургундарынын мындай жаңы демилгелерге канчалык деңгээлде даяр экендигин аныктоого шарт түзөт. Китептер дүкөндөрдө сатылып кетпөөсү үчүн биз ар бир китепке “Эркин китеп” деген мөөр коюп чыктык”, - дейт Атай.

Ал, ошондой эле, бул долбоор “Сорос” фондунун колдоосу менен ишке ашып, жыйынтыгында, Эркиндик бульварына 9 китеп уячалары ал эми Улуттук китепкана жана №1, №18 китепканаларынын маңдайына бирден китеп уячалары орноштурулганын кошумчалады.

“Мындан тышкары, биз шаарга жана тургундарга арналып жазылган каттар үчүн кутучаларды да орноттук. Биз бул каттарды социалдык тармактар аркылуу жарыялап турабыз”, -дейт долбоордун координатору.

Атай, уячалар 8-майда орнотулганын, ал эми элдер азыртадан баштап эле китептерин алып келе баштаганын белгилеп өттү.

1 / 4



Башка жаӊылыктар
Пайгамбарыбыз Мухаммед ﷺ мүмкүнчүлүгү чектелгендерге кандай мамиле кылган?
2 декабрь 2019
Бишкекте Иран маданиятынын көргөзмөсү уланууда. Каалоочуларга эшик ачык
28 ноябрь 2019
Базар-Коргондун жаштары жергиликтүү имамга «Daewoo Matiz» үлгүсүндөгү унаа белек кылышты
19 ноябрь 2019
«Окуган муун — жаркын келечек» аттуу китеп окуу конкурсу болот. Катталуу эрежелери
15 ноябрь 2019
Ошто жаштар чыгымы аз, пайдасы көп уникалдуу үйлөнүү тоюн уюштурушту
13 ноябрь 2019
Бишкекте “Пайгамбарыбыздын (САВ) үй-бүлөдөгү үлгүсү жана калтырган насааттары” аттуу тегерек стол өттү
12 ноябрь 2019
Жөнөкөй жана гениалдуу кеңештер. Россиялык психолог Алсу Камалова Бишкекке келет
11 ноябрь 2019
Startup Istanbul: Кыргызстандык стартап (FitJab) 155 000 идеянын ичинен мыкты ондукка кирди
6 ноябрь 2019
Rahma`t: “Жардамга муктаж үй-бүлөлөргө көмүр таратабыз”. Акцияга кошулуңуз!
1 ноябрь 2019
Бишкекте кош бойлуу айымдарга арналган өзгөчө форматтагы жолугушуу болот
24 октябрь 2019
Бишкекте “Үй-бүлөнү иреттештирүү” аталышындагы тегерек стол өттү
14 октябрь 2019
Бишкек менен Ошто "Дин таануу" семинарлары өтүүдө. Кирүү акысыз
10 октябрь 2019
Дүйнөдө алгач ирет: Кыргызстандык балдар мусулман кыздарга арналган фитнес тиркеме чыгарышты
24 сентябрь 2019
Кувейттик кайрымдуулук фонду 100 муктаж үй-бүлөгө үй куруп берди
18 сентябрь 2019
Ч.Айтматов атындагы эс алуу багы китеп окуган жаштар менен көркүнө чыкты
30 август 2019
Таластын тургуну жеке менчик дүкөнүн китепкана ачууга өткөрүп берди
26 август 2019
Ошто алгач ирет көзү азиздердин арасында Куран жарышы өттү
22 август 2019
Алжир футболчулары Африка улуттарынын кубогунун жеңишинен соң сажда кылышты
23 июль 2019
Намаз убактылары
13 декабрь 2019г.
Багымдат
06:41
Күндүн чыгуу
08:24
Бешим
12:56
Аср
15:46
Шам
17:32
Куптан
18:47
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов