Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Катар эл өкүлү: “Кыргыздар меймандос жана эр жүрөк эл экен”

Автору: "Умма" журналы / Жарыяланды: 15 май 2017

Бишкекте өткөн жумада Катардын маданият күндөрү жыйынтыкталды. 10-майда башталган иш-чара алкагында Катардын салт-санаасы, кол өнөчүлүгү, сүрөт искусствосу көрсөтүлүп, илимий-чыгармачыл жыйындар өттү. 11-майда Кыргыз улуттук опера жана балет театрында Катардын маданиятын чагылдырган чакан концерттик программа тартууланды.

%article_title%

Иш-чаранын ачылышында Катар маданият департаментинин өкүлдөрү Кыргызстанда өздөрүн туугандарыныкына келгендей сезишкендиктерин айтышып, Кыргызстан тараптын жылуу кабыл алганына ыраазычылыктарын билдиришти. Ал эми Маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков Катар дүйнөдөгү өнүгүп жаткан мусулман өлкөсү экендигин баса белгилеп, мындай өлкө менен кызматташуу Кыргызстан үчүн чоң сыймык экендигин айтты.

“Катарда орточо айлык 40 миң доллар, ички дүң продукция 1 адамга 140 миңден ашык доллар туура келет. Бул өлкөнүн бизге үлгү боло турчу жактарын алышыбыз керек”, - деп министр концертке келген көрүүчүлөргө жагымдуу маанай каалады.

Ал эми Катардын Маданият министрлигинин башчысы Ахмед Жассим Алкумары Кыргызстанга 2 ай мурун келгенин, бул жакта достору көп экенин белгиледи:
“Катар менен кыргыз элин 2 нерсе байланыштырып турат: биринчиден, биз, катарлыктар да кыргыздар сыяктуу көчмөн элбиз, экинчиден, эки эл тең мусулман. Андыктан мен Кыргызстанда өзүмдү чоочун сезген жокмун, бир тууган, досторумдукуна келгендей эле сезип отурам”, - дейт Катар эл өкүлү.

%article_title%

Ахмед Жассим Алкумары мырза, ошондой эле, кыргыз элинин берешен, эр жүрөк эл экенин баса белгилеп, мындай баа жеткис асыл сапаттарды сактоого чакырды.

Биз Алкумары мырзага Катардын маданияты, жаштары тууралуу суроо узатканыбызда, ал төмөндөгүдөй жооп кайтарды: “Азыр дүйнө жүзү ааламдашуу процессине кабылып жатат. Катар да андан четте калган жок. Бирок биз өз элибиздин салт-санаасын сактап калуу үчүн тиешелүү борборлорду ачканбыз. Балдарыбызды ошол ийримдерге берип, ата-бабадан калган мурасты унутта калтырбоого аракет кылып жатабыз”, - деди. Ал эми Катар элинин салт-санаасы менен диндин ортосундагы мамиле тууралуу кызыкканыбызда: “Салт-санааны өзгөртүүгө болот, бирок динди эч качан өзгөртө албайбыз”, - деп кыска-нуска жооп берди Алкумары мырза.

1 / 6



Башка жаӊылыктар
Казакстандын белгилүү дин аалымы Абдыгаппар Сманов 50 жашында дүйнө салды
2 июль 2020
Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин алгачкы илимий журналы жарык көрдү
12 июнь 2020
Быйылкы Рамазанда чогулган битир-садака былтыркыга караганда 23 миллион сомго аз болду
11 июнь 2020
Кыргызстанда мечиттер качан ачылат?
2 июнь 2020
Пандемияга байланыштуу Орозо айт намазы мечиттерде жана аянтта окулбайт
23 май 2020
Бул жылга садака-фитирдин өлчөмү жана берүү жолдору
11 май 2020
Бүткүл дүйнөлүк мусулман жаштары ассамблеясы 6000 үй-бүлөгө жардам таратууда
18 апрель 2020
"UMMA" журналынын элдик акциясында 1,1 млн. сомго доктурларга 1225 комбинезон таратылды
17 апрель 2020
Жалал-Абад: Тахмина жолдошу экөөнүн айлыгына кездеме алып, беткап тигип, акысыз таратышты
30 март 2020
Мусулмандардын “Ас-Сафа борбору” бирикмеси коронавирус менен күрөшүүгө 19 миллион 750 миң сом бөлдү
25 март 2020
“Куран жазы” аталышындагы Куран жарышы белгисиз мөөнөткө жылдырылды
17 март 2020
Мекендешибиз Кайрат 1 жыл мурун теракт болгон Жаңы Зеландиядагы мечитти зыярат кылды
13 март 2020
АКШ аба күчтөрү кызматкерлерине жоолук салынууга жана сакал коюуга уруксат берди
17 февраль 2020
Гарвард университети “адилеттүүлүккө” берилген эң мыкты аныктаманы Ыйык Курандан тапты
10 февраль 2020
"Ассанабил" фонду Бишкектеги атасыз жетим балдарга жөлөк пул тапшырып, оюн-зоок уюштурду
31 январь 2020
Муфтият ажыга баруучулардын формасын тигүүчүлөргө конкурс жарыялайт (талаптар)
14 январь 2020
Таласта имамдын демилгеси менен айыл жаштары мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөгө турак жай курушууда
8 январь 2020
Москванын чоң залында пайгамбарыбызды (ﷺ) таанытуу кечеси болот. Билеттер сатыкта
30 декабрь 2019
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
3 июль 2020г.
Багымдат
3:13
Күндүн чыгуу
5:28
Бешим
13:06
Аср
18:25
Шам
20:48
Куптан
22:31