Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Эрдоган мусулмандарды аль-Акса мечитин көп-көп зыярат кылууга чакырды

Автору: "Умма" журналы / Жарыяланды: 16 май 2017

8-майда Түркиянын Стамбул шаарында Иерусалимдеги кырдаал боюнча чогулган ири форум өтүп, ага Түркия Президенти Режеп Тайип Эрдоган катышты.

%article_title%

Түрк лидери, Иерусалим “пайгамбарлар шаары” экендигин баса белгилеп, ал жактагы палестиналыктардын Израилге болгон карама-каршылыктарына терең маани берерин жана Түркия аларды ар дайым колдорун баса белгиледи.

“Иерусалимдин Израилдин оккупациясында турган ар бир күнү - мусулмандар үчүн уят иш. Биз мусулман жамааты катары аль-Акса мечитине көп-көп зыярат кылып туруубуз керек. Иерусалимдеги мусулман бир туугандарыбызга көрсөтө турган эң чоң колдообуз - биздин (мусулмандардын) көп жана алар менен бирге экендигин билдирүү” , - деди Эрдоган.

Ал, ошондой эле, бул мечитке эң көп зыярат кылгандар түрктөр экендигин белгилеп дүйнөдөгү бардык мусуламндарды да бул жерге бат-бат келип турууга чакырды.

Түркия президенти Израилдин палестиналыктарга жасап жаткан баскынчылык саясатына эл аралык коомчулуктун көз жумуп жатышын өтө чоң адилетсиздик деп баалады.

%article_title%

“ Эл аралык коомчулук массалык өлтүрүүлөр жана зулумдукка көз жумуп жатса, бул региондо тынчтыкты орнотуу мүмкүн эмес. Израилдин мусулмандарга карата мамилеси мурда Американын кара терилүүлөргө жасаган мамилесине окшош “, - деп сыпаттады ал.

Түрк лидери сөзүнүн соңунда Иерусалим кайрадан коопсуз, тынч өлкө болушу үчүн болгон күч-аракеттерин жумшарын айтты.

Режеп Тайип Эрдогандын сөзүндөй кийин Палестина ислам жогорку комитетинин башчысы доктор Хикмет Сабри ага “Түркиянын жана бүткүл мусулмандардын лидери” деген медаль тапшырды.

Аль -Акса мечити Иерусалимде жайгашкан. Аль-Акса, Меккедеги аль-Харам жана Пайгамбарыбыз Мухаммеддин (Алланын ага салам-салаваттары болсун) Мединадагы мечитинен кийинки мусулмандардын 3-ыйык жери болуп саналат.



Башка жаӊылыктар
Пайгамбарыбыз Мухаммед ﷺ мүмкүнчүлүгү чектелгендерге кандай мамиле кылган?
2 декабрь 2019
Бишкекте Иран маданиятынын көргөзмөсү уланууда. Каалоочуларга эшик ачык
28 ноябрь 2019
“Мутакалим” бирикмеси Курандын 30-парасын жаттоо боюнча конкурс жарыялайт
27 ноябрь 2019
«Окуган муун — жаркын келечек» аттуу китеп окуу конкурсу болот. Катталуу эрежелери
15 ноябрь 2019
Бишкекте “Пайгамбарыбыздын (САВ) үй-бүлөдөгү үлгүсү жана калтырган насааттары” аттуу тегерек стол өттү
12 ноябрь 2019
Жөнөкөй жана гениалдуу кеңештер. Россиялык психолог Алсу Камалова Бишкекке келет
11 ноябрь 2019
93 жаштагы Мехмет ата мечитке каттоо үчүн педалы кол менен башкарылчу велосипед жасады
7 ноябрь 2019
Rahma`t: “Жардамга муктаж үй-бүлөлөргө көмүр таратабыз”. Акцияга кошулуңуз!
1 ноябрь 2019
Бишкекте кош бойлуу айымдарга арналган өзгөчө форматтагы жолугушуу болот
24 октябрь 2019
Түштүк региону боюнча Куран жарышы жыйынтыкталды. Баш байгеге автоунаа коюлду
22 октябрь 2019
Профессор Кадыр ажы Маликовдун жаштарга арналган китеби кыргыз тилинде жарык көрдү
25 сентябрь 2019
Дүйнөдө алгач ирет: Кыргызстандык балдар мусулман кыздарга арналган фитнес тиркеме чыгарышты
24 сентябрь 2019
Кувейттик кайрымдуулук фонду 100 муктаж үй-бүлөгө үй куруп берди
18 сентябрь 2019
Ч.Айтматов атындагы эс алуу багы китеп окуган жаштар менен көркүнө чыкты
30 август 2019
Таластын тургуну жеке менчик дүкөнүн китепкана ачууга өткөрүп берди
26 август 2019
Кытайдагы кыргыз студенттери чек арадагы айылга китепкана ачуу үчүн 1000 доллар жөнөтүштү. Эстафета АКШга берилди
23 август 2019
Ошто алгач ирет көзү азиздердин арасында Куран жарышы өттү
22 август 2019
Түркиялык студенттер Кыргызстандагы кайрымдуулук иштери менен таанышышты
21 август 2019
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
13 декабрь 2019г.
Багымдат
06:41
Күндүн чыгуу
08:24
Бешим
12:56
Аср
15:46
Шам
17:32
Куптан
18:47