22 жаштагы Бекзат - “Умма” журналынын Ош шаарындагы активдүү ыктыярчыларынын бири. Дал ушул жигит – Оштогу бир топ иш-чаралардын демилгечиси жана алып баруучусу. Анын харизмасы, шайырдыгы жана элдер менен мамиле кыла билгендиги “Умма” журналынын долбоорлорун чыныгы майрамга айлантат. Бекзат бизге “Умма-Ош” командасына кантип келип калгандыгын жана ал эмне үчүн ыктыярчылыкты тандаганын айтып берди.
“Умманын” ыктыярчылары менен мен Кадыр түндө тааныштым
2016-жылы Ыйык Рамазан айында Бишкекте болдум. Кадыр түндө досум Бекжан мени Бишкектеги мечиттердин бирине чакырды. Ал жакта “Умма” журналынын да ыктярчылары бар экен. Алардын бири-бирине болгон мамилеси, ынтымагы жана мага болгон мамилелери менде жылуу сезимдерди калтырды. Мындай атмосфера мага ушунчалык жаккандыктан, алардын катарына кошулууну кааладым. Бирок бир нече күндөн кийин менин Ошко кетишим керек эле. Бул жолугушуудан соң, “эгер Ошто да ушундай демилгелүү, ынтымактуу жаштар болсо, сөзсүз аларга кошулат элем” деп ойлоп жүрдүм. Менин кыялым орундалып, күзүндө Ошко досум Бекжан келип, бул жакта да Умманын ыктыярчыларын чогултуп жатканын айтты. Сүйүнүчүм койнума батпай, эч ойлонбостон ыктыярчылардын алгачкы жолугушуусуна бардым. Ошондон бери мен “Умма-Ош” командасынын мүчөсү болуп келем.
“Умма-Ош” менен жакшы иштерди арбыныраак жасай баштадым
Мен ар дайым элдерге колуман келишинче жардам бергенге аракет кылам. Бирок бир адамдын ресурсу чектелүү болгондуктан, менин коомго жардамым деңизге түшкөн тамчыдай эле. Эгер пикирлеш, демилгелүү жана активдүү жаштар чогулса, көп жакшы нерселерди ишке ашырууга болот.
Бул өңүттөн алганда “Умма-Ошту” мыкты команда деп айтууга болот. Мисалы, эгер, мен бир идеяны айтсам, алар дароо колдоп, аны ишке ашырганга даяр турушат. Мен бул чоң үй-бүлөнүн мүчөсү экениме сыймыктанам.
Ыктыярчылык мени инсандык жактан өстүрдү. Ислам тууралуу китептерди окуй баштадым. Жакшы көрүп окуган китептеримдин бири бул - Тарик Рамадандын “Пайгамбарыбыздын жолу менен” деген китеби. Ошондой эле, ыктыярчылыкка киришкенден бери намаз да окуп калдым. Мурун жума намазга барчу элем, анда да кээде, ыңгайы келгенде гана. Мен ар күнү кечээкиден жакшы болууга аракет кылып келем. Бул жаатта мага менин “Умма-Оштогу” досторум чоң жардам көрсөтөт. “Сен досторуңдун ким экенин айт, мен сага сенин ким экенинди айтам” деп бекеринен айтылбаса керек. Андыктан, менин ар тараптуу өнүгүп жатышыма - досторумдун салымы зор.
Катуу жол кырсыгы жашоого болгон көз карашымды өзгөрттү
2011-жылы катуу жол кырсыгына кабылдым. Мен машинанын маңдайкы бөлүгүнөн учуп кетип, комада 3 күн жаттым. Бул жол кырсыгы жашоомду түп тамырынан бери өзгөрттү. Эгер бул окуяга чейин мен тартынчаак, өзүмө ишенбеген бала болсом, жол кырсыгынан соң активдүү, позитивдүү, энергиялуу жана чечкиндүү жигитке айландым. Колледжде КВНге (Шайырлар жана тапкычтар клубу) кошулуп, ойной баштадым. Мен ал жактан көпчүлүктүн алдында сүйлөөнү, түрдүү адамдар менен тил табышууну үйрөндүм. Эгер мурун үй-бүлөнүн көзүнчө эжемди туулган күнү менен куттуктай албасам, авариядан соң, КВНге кирип, миңдеген адамдын алдында эч тартынбастан, тайманбай сүйлөй баштадым. Мен учурда Оштогу КВНдин Ала-Тоо аймактык лигасынын адмнистратору жана алып баруучусумун. Жумушка байланыштуу түрдүү уюмдардын жана мамлекеттик органдардын жетекчилери менен сүйлөшүүгө туура келет. Аларга мен кубануу менен барып, 1 саат бою кызыктуу маек куруп отура алам. Азыркы учурда мен КВНде Ош командасынын (Ошане) мүчөсүмүн. Бул жылы биз оюнда мыкты жетишкендикти көрсөтө алдык: 2017-жылдын жайкы кубогунун чемпиону, ошондой эле, КВН Ала-Тоонун аймактык лигасынын финалына өттүк. 10-декабрда биздин финалдык оюнубуз болот. Баарыңыздарды келип, бизди колдоп кетүүгө чакырам. Буюрса, жеңишке жетип, Сочиге жолдомо аларыбызга үмүттөнөм.
Ош шаарын өнүктүргүм келет!
Келечекте Ошту ар тараптан өнүктүргүм келет. Жаштардын интеллектуалдык, руханий жана физикалык жактан күчтүү болуусун каалайм. “Жакшы иштерде жарышкыла” деген сөзгө амал кылып, баарын мыкты идеялардын үстүнөн иштөөгө чакырам.
Жаштарга каалоом!
Ата-энеңерди сыйлап жана аларды чын жүрөктөн жакшы көргүлө. Аллахтан алардын жана жакындарыңыздын ден соолугун сурагыла. Эгер намаз окууну каалап, бирок баштай элек болсоңуздар, тезирээк баштагыла, мында эч кандай кыйынчылык жок. Дайыма жакшы иштерди жасап, жүрөгүңөрдү тазартып, көңүлүңөрдү жашартып турууну унутпагыла.