Единение. Просвещение. Созидание.
исламский журнал
Единение. Просвещение. Созидание. Вопрос ученому / Афиша / Галерея / Теги / Время намазов
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Воистинну, эта Умма ваша — единая Умма (община)» (Коран 21/92)

Эртеңки Арафа орозосун өткөрүп жибербеңиз

Опубликовано: 19 августа 2018

Эртең, Зуль-Хижжа айынын 9-күнү кирет. Биздин эсеп менен 9-күн- 20-август Арафа күнүнө туш келет.

Динибизде Арафа күнүнүн кадыр чоң.

Ардактуу Пайгамбарыбыз (Алланын ага салам-салаваттары болсун) бул күндүн улуктугу туурасында минтип айткан:

«Арафа күнүнөн башка Алла Таала (көптөгөн) кулдарды тозок отунан азаттыкка (көп) чыгарган күн жок».

Демек, мусулмандар Арафа күнүнө өзгөчө маани бериши керек. Анткени дал ушул күнү кармалган корозо эң чоң артыкчылыкка ээ болуп, 2 жылдын күнөөлөрүнүн кечирилишине себепчи болот.

Абу Катаданын сөздөрүнөн Аллахтын Элчисинин мындай дегени риваят кылынат:

«Арафа күнүндөгү орозо өткөн жана ушул жылдагы күнөөлөрдүн кечирилишине себеп болот».

Өзгөчө белгилей кетчү нерсе, бул жерде кичине күнөөлөр тууралуу айтылып жатат. Анткени, чоң күнөөлөр тообо келтирүү жана Алла Тааланын ырайымы менен гана кечирилет.

Айша Аллахтын Элчисинин (Алланын ага салам-салаваттары болсун) мындай дегенин баяндаган:

“Аллах Өзүнүн кулдарын тозок отунан ушунча көп бошото турган Арафат күнүндөй башка күн жок. Акыйкатта, Ал (аларга) жакындайт, андан соң периштелердин алдында: «Алар эмнени каалашат?», - деп мактанат”.

Эң жакшы дуа – бул Арафа күнкү дуа

Лаа илааха илла-Ллааху, уахдаху лаа шариика лаху, лахул-мулку уа лахул-хамду, уа хууа ‘алаа кулли шай-ин кадиир.

Абдуллах ибн ‘Амрдан Аллахтын Элчисинин мындай дегени кабарланат: “Эң жакшы дуа – бул Арафа күнкү дуа. Мен жана (мага чейинки) пайгамбарлар Арафа күнү айткан эң жакшы дуа бул: «Жалгыз, шериги жок Аллахтан башка сыйынууга ылайыктуу эч бир кудай жок! Бүткүл бийлик жана мактоо Ага таандык, жана Ал бүткүл болумуш үстүнөн кудуреттүү!»”.

Арафа күнү оозду 4.28ге чейин бекитип, 19.58де ачасыз. Орозонун ниетин Арафа күнүнө деп коёсуз.

Мусулман бир туугандарыбыз Аллах Таала тарабынан берилген бул кадырлуу күндөрдө көп-көп дуба кылып, сооп иштерди жасап, Жаратканыбыздын ырайымына ээ болуубузду насип этсин!



Другие статьи
Показать еще
Вопрос ученому
Вы можете задать интересующий вас вопрос на нашем сайте или посмотреть на ответы имама на уже заданные.
На вопросы отвечает:

Кадыр Маликов

Время намазов
13 декабря 2018г.
Фаджр
06:41
Шурук
08:24
Зухр
12:56
Аср
15:46
Магриб
17:32
Иша
18:47