Единение. Просвещение. Созидание.
исламский журнал
Единение. Просвещение. Созидание. Вопрос ученому / Афиша / Галерея / Теги / Время намазов
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Воистинну, эта Умма ваша — единая Умма (община)» (Коран 21/92)

Эртең Түркияда V Ислам тилектештик спорт оюндары башталат

Опубликовано: 8 августа 2022

%article_title%

Мусулмандардын башын бириктирген Ислам тилектештик спорт оюндарына Кыргызстандын спорт делегациясынан 158 киши катышат. Бул тууралуу Спорт департаменти билдирди.

Маалыматка караганда, аталган оюндарга Кыргызстандан баргандар спорттун 16 түрү боюнча күч сынашып, жалпысынан 112 спортчу килемге чыгат.

Курама топко өлкөнүн атын чыгарган спортчулар: Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов, Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы, Жоламан Шаршенбеков, Эрназар Акматалиев, Денис Петрашов ж.б кирген.

Белгилей кетсек, V Ислам тилектештик спорт оюндары 9-18 августта Түркиянын Конья шаарында өткөрүлөт. Ислам тилектештик оюндарына 54 өлкөдөн 3500дөн ашык спортчулар катышаары күтүлүүдө. Спортчулар спорттун 23 түрү боюнча күч сынашат.

Дүйнөдө тынчтык жана толерантуулукту орнотуу үчүн канча күч, канчалаган аракеттер жумшалды. Ал арада Түркия жер жүзүндө биримдик, ынтымакты чындоонун жаңы жолдорун сунуштап, 5-Ислам тилектештик спорт оюндарын өткөрүүгө белсенүүдө. Дүйнөнүн 56 ислам өлкөсүнөн 6 миңге чукул спортчу бир майданга чогулуп, гармониялуу позицияларын көрсөтүшөт. Кандай гана айырмачылыктар болбосун биригүүгө мүмкүн экендигин далилдөөгө аракет кылышат.

Катышуучулардын басымдуу бөлүгү мусулмандар жана мусулман өлкөлөр болгону менен башка ишенимдеги жарандар да спорттук иш-чарага келип, көңүл ачып, чер жазып, исламдын баалуулуктары менен таанышып кетсе болот. Анткени Ислам дини тили, динине карап адазатты чектебеген, адеп-ахлак, тилектештиктин дини болуп саналат. Түркия муну менен кандай гана шарт, кандай гана адамдар менен болбосун тынчтыкты сактоого жана ынтымакты бекемдөөгө далилдөөгө аракет кылат. Дал ушул максатта Ислам тилектештик спорт оюндарын өткөргөнү турат.

Ислам тилектештик спорт оюндары Ислам дини менен жаңыдан тааныш же жаңыдан мусулманчылыкка өтүп келе жаткан өлкөлөргө Ислам дининин баалуулуктарын жайылтууга, улуттук жаратылыш байлыктарын чагылдырууга жана өз ара таанышууга, достук байланыштарын чыңдоого мүмкүнчүлүк берет.

Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө Ислам дининде спорттун мааниси жана орду тууралуу академиялык симпозиум өтөт. Анда спорттун коомдук тынчтыкка кошкон салымы, Курандагы тилектештик жана интеграция принциптери талкууланат. Бул иш-чара катышуучуларга исламий маселелерди жатка түшүнүү үчүн бирдиктүү жана ар тараптуу атмосфераны түзөт.



Другие новости
В Эфиопии разрушают мечети
9 июня 2023
Сотрудники полиции США заставили мусульманку снять платок
9 июня 2023
Эрдоган принял раненых детей-палестинцев
26 января 2023
Стадион в Марокко переименовали в честь капитана сборной
13 января 2023
Израильские оккупанты ранили палестинца в Наблусе
11 января 2023
Женщины со всего мира оценили уровень безопасности в Катаре
11 декабря 2022
Спустя семь лет запрета на платок в Нигерии мусульмане выиграли дело
10 декабря 2022
Маленький чтец Корана открыл конференцию в Бахрейне
9 декабря 2022
В Турции прошла церемония выпуска 750 хафизов
6 декабря 2022
Во Франции суд наказал ресторатора за отказ в обслуживании мусульманки
3 декабря 2022
ООН приняла резолюцию, посвященную 75-летию Накбы
2 декабря 2022
В Катаре мечеть стала центром притяжения болельщиков ЧМ-2022
25 ноября 2022
Слово «Quran» оказалось в топе соцсетей
23 ноября 2022
66-летний Меджит из Турции десять лет кормит нуждающихся
11 августа 2022
Мусульманин погиб, спасая семью при столкновении с поездом
10 августа 2022
Израильские оккупанты застрелили палестинского подростка
3 августа 2022
12-летний Коран-хафиз, знающий наизусть 2 сборника хадисов
3 августа 2022
Таксистка-мусульманка вернула пассажиру забытый миллион
2 августа 2022
Вопрос ученому
Вы можете задать интересующий вас вопрос на нашем сайте или посмотреть на ответы имама на уже заданные.
На вопросы отвечает:

Кадыр Маликов

Время намазов
5 октября 2024г.
Фаджр
5:30
Шурук
7:04
Зухр
12:50
Аср
16:51
Магриб
18:40
Иша
20:11