Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Түш тууралуу хадистер

Автору: "Момундардын бакчасы" хадистер жыйнагынан алынды / Жарыяланды: 13 октябрь 2017

Исламда түштүн орду кандай? Жакшы, же жаман түш көргөндө эмне кылуу керек? Бул суроолорго төмөндө сахих (жогорку даражадагы) хадистер жооп берет.

Абу Хурайранын (андан Аллах ыраазы болсун) мындай дегени кабардалат:

“Мен Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын ырайымы жана саламы болсун) минтип айтканын укканмын: “Пайгамбарлыктардан кубанычтуу кабарлардан башка эч нерсе калган жок”. (Ошондо адамдар) сурашты: “Кубанычтуу кабар дегениңиз эмне?” Аллахтын элчиси (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун) айтты: “Жакшылыктуу түштөр” (Бухарий).

Абу Хурайранын (андан Аллах ыраазы болсун) Аллахтын Элчисинин (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун) мындай дегенин кабарлайт:

“Ошо маалдын (Бул жерде же Кыямат кайым жакын калган мезгил, же күн менен түн теңелген жазгы маал, же убакытттын берекеси кетип калган маал, Акыр Заман тууралуу айтылууда) жакындашы менен дээрлик ар дайым момундардын түшүндө көргөндөрү алардын өңдөрүндө да болуп өтөт. (Анткени түш көрүү- (бул) пайгамбарлыктын 46 бөлүгүнүн бирөөсү!” (Бухарий, Муслим).

Бул хадистин Муслим гана келтирген башка версиясында Аллахтын Элчисинин (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун), мындай дегени кабардалат):

“Силердин (араңардагы сүйлөгөн) сөздөрүндө эң чынчыл болгон (момун) адамдардын түщтөрү – эң чынчыл түштөр (болот)!”

Абу Хурайра (андан Аллах ыраазы болсун) Аллахтын Элчисинин (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун) мындай дегенин кабарлайт:

“Ким мени (бул дүйнөдөгү) түшүндө көрсө, ал мени (акыретте) өңүндө да көрөт (же ал: “өңүндө да көргөн сыяктуу...”-деп айтып, (анан сөзүн минтип улады):

“(анткени) шайтан менин келбетимди кие албайт!” (Бухарий, Муслим).

Абу Са’ид ал-Худри (андан Аллах ыраазы болсун) Аллахтын Элчисинин (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун) мындай дегенин кабарлайт:

“Эгерде силерден кимдир-бирөө өзүнө жаккан түштү көргөн болсо, анда ал түш - Аллах Тааладан, ошондуктан ал (жакшы түшү үчүн) Аллахка мактоолорду айтсын жана өзү сүйгөн адамдарга гана) айтып берсин!”

Бул хадистин Муслим келтирген башка версиясында (Аллахтын Элчисинин, ага Аллахтын ырайымы жана саламы болсун, мындай дегени кабадалат):

“...өзү сүйгөн адамдардан башка эч кимге айтпасын, ал эми (түшүндө) өзүнө жакпаган бир нерсени көргөн болсо, анда ал (түш) – шайтандан гана, ошондуктан ал анын жамандыгынан сакташын тилеп Аллахка (дубалар кылып) кайрылсын жана (ал түштү эч кимге) айтпасын, ошондо ал сыяктуу (жаман түштөр) ага зыян келтире албайт!” (Бухарий, Муслим).

Абу Катада (андан Аллах ыраазы болсун) Аллахтын Элчисинин (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун) мындай дегенин кабарлайт:

“Жакшылыктуу түштөр (башка версиясында: жакшы түштөр) – Аллахтан, ал эми жаман түштөр – шайтандан. Ошондуктан өзүнө жакпаган түштү көргөн адам сол жагына үч жолу түкүрсүн, (түкүрүк чыгарбастан түкүрүмүш болсун) да, шайтандын жамандыгынан сактоосун тилеп (дуба кылып) Аллахтан жардам сурасын, ошондо ал (түш) ага зыян алып келтире албайт!” (Бухарий, Муслим).

Жабир (андан Аллах ыраазы болсун) Аллахтын Элчисинин (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун) мындай дегенин кабарлайт:

“Эгерде силерден кимдир-бирөө өзүнө жакпаган түштү көргөн болсо, анда, ал сол жагына үч жолу түкүрсүн да, шайтандын жамандыгынан сактоосу үчүн жардам тилеп (дуба кылып) Аллахка үч жолу кайрылсын, анан бөлөк капталына оодарылып жатсын!” (Муслим).



Намаз убактылары
18 май 2024г.
Багымдат
3:32
Күндүн чыгуу
5:35
Бешим
12:58
Аср
18:09
Шам
20:26
Куптан
22:00
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов