Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Мыктыбек Арстанбек: "Адал" фитна жараткан маселеге айланды

Автору: Айдай Аманкелди кызы / Сүрѳттѳр: Адал индустриясын өнүктүрүү борбору / Жарыяланды: 9 ноябрь 2017

7-ноябрда “Нахла Хайрия” коомдук кайрымдуулук фонду жана “Адал индустриясын өнүктүрүү борбору” тарабынан уюштурулган “Адал да анык, арам да-анык” аттуу семинар өттү. Иш-чарага коомдук иштерге активдүү аралашып келе жаткан эже-сиңдилер катышты.

“Адал индустриясын өнүктүрүү борборунун” жетекчиси Мыктыбек Арстанбек адал, арам” түшүнүгүнө кененирээк токтолуп, Кыргызстандагы адал индустриясынын иши тууралуу да айтып берди.

null

"Элибиз адал деген түшүнүктү тамак-ашка гана тиешелүү деп ойлошот. Бул – туура эмес. Адал, арамдын адам жашоосунун баардык чөйрөсүндө чоң орду бар. Маселен, булар- көз-караш, кыймыл-аракет, ой-пикир болушу мүмкүн. Эгер сиз туура союлган малдын адал этин уурдоо жолу менен алып келип, үй-бүлөңүздү баксаңыз, анда сиздин кыймыл-аракетиңиз, жеген этиңиз арам болуп калбайбы",-дейт Мыктыбек ажы.

“Адал” түшүнүгү, тилекке каршы, фитна жараткан маселеге айланды

Адал индустриясын өнүктүрүү борбору тамак-аш жагын көзөмөлдөйт. Мыктыбек Арстанбектин айтымында, тилекке каршы, Кыргызстанда адал фитна, “ызы-чуу” жараткан маселеге айланды.

"Мунун баары маалыматтын жоктугунан улам болуп жатат. Бизге ар кандай суроолор келип түшөт. Кээде нааразычылыктар да айтылат. Айрым ишканалар жасалма адал сертификатын жасап алышат. Эгер биз аларды көрүп калсак, эскертип, албетте, колубуздан келген аракетти кылабыз.

Кыргызстанда адал индустриясын өнүктүрүүдө эң чоң салымды өзүбүздүн элибиз кошушу керек деп ойлойм. Биз адал деген эмне экенин тамырынан терең түшүнүп, аны күнүмдүк жашообузда колдонгонго өтүшүбуз керек. Адал - талап менен келет. Эгер сиз кайсы бир дүкөн, же кафеге барганда “Тамагыңар, продукцияңар адалбы? Сертификатын көрсөк болобу?” деп талап койгондо тиешелүү адамдар азык-түлүгүн адалдаганга өтүшөт. Мусулмандар өздөрү адал тамак эмне экенин түшүнбөсө, башкалардан кантип талап кылмак эле".

null

Динибизде арам тамакка спирт ичимдиктери, өлүмтүк, чочко, кан, Аллахтын аты айтылбай союлган эт азыктары кирет. Көптөрү мисалы, суу, конфет, ун сыяктуу азыктарда да арам бар дешсе ишенишпейт. Мыктыбек ажы: "Мен кээ бирлерине бул сөздү айтканда “ушундай да болмок беле?” дегендей таң калып карашкан. Конфет, торттордун баары бул арамдын букети десек болот. Анткени аларды даярдоодо толгон-токой арам продукциялар кошулуп жатат".

Мыктыбек Арстанбек адал тамакка кайдыгер караган мусулмандарды көрүп таң каларын айтты. " Айрымдары ылгабай, баарын катары менен жей беришет. Өзүм эркек болгонум менен жечү тамагымды үйдөн кошо ала чыгам. Анткени кафе, ашканалар азыр ар түрдүү, ишениш кыйын. Үйдө да жубайым алып келген продуктыларды дыкат көзөмөлдөйм. Негизи эле, биз, кыргыздар, тамакка болгон мамиле, маданиятыбызды өзгөртүшүбүз керек деп ойлойм. Азыр түрдүү оорулардын баары туура эмес тамактануудан чыгып жатат".

null

Чынында эле, элибизде "адал жана арам тамакка" байланыштуу түшүнүк жакшы калыптанган эмес. Айрым шаардык тургундар "адал жарманкелеринде сапаттуу колбаса жана бал сатылат" дешсе, башкалары чочконун этинен башкасын адал деп эсептешет. Кыргызстандагы Адал индустриясын өнүктүрүү борборунун сайтына кирип, адал сертификатын алган продуктулардын тизмесин, акыркы жаңылыктардан кабардар болуп турсаңыздар болот.

Кошумчалай кетсек, бул күнкү тренингде угармандар тарабынан көптөгөн суроолор берилип, активдүү катышкандарга “Нахла Хайрия” фонду жана “Адал индустриясын өнүктүрүү борбору" тарабынан сертификаттар ыйгарылды.



Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
26 апрель 2024г.
Багымдат
4:16
Күндүн чыгуу
6:04
Бешим
13:00
Аср
17:53
Шам
20:01
Куптан
21:16