Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Руханий, интеллектуалдык жана мотивациялык баяндарга толгон Эл аралык жоолук күнү - 2021

Автору: Айдай Амангелди кызы / Жарыяланды: 9 февраль 2021

Ушул жылдын 1-2-февраль күндөрү Бишкек шаарындагы “Hyatt Regency” мейманканасында эл аралык Жоолук күнүнө карата маданий-агартуучу мүнөздөгү иш-чаралар болуп өттү. Быйыл бул саамалык 6-ирет өткөрүлүп, пандемия шарттарына байланыштуу жабык форматта, 200 кишиге арналып уюштурулду.

null

Иш-чаранын 1-күнү орус тилдүү аудиторияга арналса, 2-күнүндө кыргыз тилдүүлөр чакырылды. Бул саамалыкка диний жана коомдук ишмерлер, илим, маданият, искусство, спорт жана бизнес-коомчулуктан өкүлдөр, журналисттер, жардамга муктаж, мүмкүнчүлүгү чектелген мекендештер, түрдүү улут жана көз караштагы аялзаты катышты.

null

Иш-чара Аллах Тааланын Сөзү болгон Ыйык Куран менен ачылды. Тагаева Сумая Куран окуп, “Жоолук күнү” иш-чарасын ачып берди.

null

Быйыл бул иш-чараны өткөрүүдө Түркиянын дин иштери боюнча башкармалыгы башкы демөөрчүлүк кылды. “Умма” ислам журналынын башкы редактору Элиана-Марьям Сатарова иш-чаранын расмий ачылышында сөз сүйлөп, бул күндүн маанисин түшүндүрүп берди. Ал жоолук күнү түрдүү конфессия жана көз караштагы айымдардын ортосунда диалог курууга, ислам дининдеги жоолук салынуунун маанисин жеткиликтүү түшүндүрүү, жоолук салынган мусулман кыздары тууралуу терс стереотиптүү пикирлерди жоюу, түрдүү көз караштагы аялзатын үй-бүлө, ден соолук, бала тарбиялоо, сулуулук өңдүү жалпы темаларда бириктирүү максатын көздөрүн баса белгиледи.

null

Эске салсак, Жоолук күнүнө карата өзгөчө форматтагы иш- чараларды активдүү өткөрүп келе жаткандыгы үчүн Элиана-Марьям Сатарова 2019-жылы Бүткүл дүйнөлүк жоолук күнүнүн Кыргызстандагы расмий элчиси болгон. Бул жылы аталган эл аралык күндүн демилгечиси Назма Хан кыргызстандык мусулмандарга арнап видео-кайрылуу жөнөткөн. Бул кайрылуу иш-чарага келген конокторго көрсөтүлдү.

null

Назма Хан кайрылуусунда төмөнкүлөрдү билдирген:

“Жыл сайын бүткүл дүйнөлүк жоолук күнүнө карата жүздөгөн иш-чаралар өткөрүлөт, бирок, мен сиздердин иш-чараны чыдамсыздык менен күтөм. Жараткан колдооңуздар үчүн ар бириңиздерден ыраазы болсун. Аминь!

Бул долбоорду мен 2013-жылы ишке ашыргам. Бирок, сиздердин керемет өлкөңүздөргө чейин жетет деп ойлогон эмес элем. Ошондой эле бул жалгыз менин гана эмес, жалпыбыздын күрөшүбүз экенин түшүндүм. Бүткүл дүйнөлүк жоолук күнү- бул менин гана сунушум эмес, сиздики дагы. Себеби жоолук аркылуу динибиз жөнүндө айтуу жана дискриминацияга карабай жоолукту сыймыктануу менен салынып жүрүү- биздин орток максатыбыз. Биз баарыбыз бир үммөт сыяктуу бириксек жана ар бирибиз мүмкүнчүлүгүбүзгө жараша жоолуктун маанилүүлүгүн билдирүүдө аракет кылсак, көздөгөн максатыбызга жетебиз деп ишенем. Мен бир күнү апаларыбыз, эже-синдилерибиз жана кыздарыбыз адамдардын сын-пикиринен коркпостон, сыймыктануу менен жоолук салынып жүрүүгө мүмкүнчүлүгү болот деп үмүт кылам. Ар бир мусулман аялзаты билим алууда жана өзүнүн карьерасын курууда эч кандай тоскоолдуктарга учурабайт деп ишенем. Ошондой эле, ар бириңиздер биздин баалуулуктарыбызды сыйлап, иш-чарада биз менен бирге болосуздар деп ойлойм. Баарыңыздарга рахмат!”

null

Бул күнү келген бардык конокторго Кыргызстандагы «Human Appeal» кайрымдуулук фонду белек катары кооз баштыкчаларды даярдады. Аталган фонддун жетекчиси Али Айоуб жоолук бул жөн гана башты жаба турган кийимдин бир түрү эмес экенин, ал Жаратканды сүйүп, ага баш ийип, өз динин жашоодо практикалап жаткандыктын белгиси болорун айтып өттү.

%article_title%

Бул жылкы иш-чара таалим-тарбия берүү, агартуучулук мүнөзгө көбүрөөк басым жасады. Кыргызстан мусуландар дин башкармалыгынын аппарат жетекчиси Равшан ажы Эратов Исламда аялзатынын орду тууралуу баян айтты. Карантинге байланыштуу аялдарга арналган руханий баяндар токтоп калган себептен бул күнкү программаны коноктор кунт коюу менен угуп, жан дүйнөлөрүн азыктандырып кетишти.

null

“Умма” журналынын иш-чаралары ар дайым кызыктуу конкурс жана баалуу белектер менен коштолот эмеспи. Алып баруучулар ислам, жоолук, кыргыз элинин улуттук ийимдери тууралуу кызыктуу викториналык суроолордон турган оюн уюштурушту.

null

Жеңүүчүлөргө “40 хадис” аттуу китептер белекке берилип жатты.

null

Абу Бакр ас-Сыддык мечитинде имамдын жардамчысы, психолог, өспүрүм балдарга бир топ жылдан бери ыйман сабактарын өтүп келе жаткан устаз, социалдык баракчаларда “Минутка для души” деген блог жүргүзүп, миңдеген адамдардын жүрөгүнөн түнөк тапкан Абдуалим Сыдыков “Ыймандын мөмөсү” деген темада таасирдүү баян айтты.

null

Бүткүл дүйнөлүк жоолук күнүн колдоп, өз тилектештигин билдирип келген элибизге аты таанымал адамдар сахнага чыгып, чакан куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү. Алардын арасында 2019-жылы жоолук салынып, көптөрүн сүйүнткөн белгилүү алып баруучу Жанара Атабекова бар. Жанара айым- белгилүү теле жана радио алып баруучу. Ал бул кесипте 15 жылдан бери эмгектенип келет.

null

Бүткүл дүйнөлүк жоолук күнүн буга чейин да колдоп келген көпчүлүккө таанымал, таланттуу алып баруучу Айзада Жамгырчиева бул жылы да чакыруубузга жооп кылып, иш-чарага катышты.

null

Иш-чаранын алкагында “Мен эмнеге жоолук салындым?” деген онлайн-конкурстун жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи орун алды. Белгилей кетсек, аталган конкурска жоолук салынган эже-сиңдилер катышып, алар мындай кадамга кандайча келип калгандыгын айтып бериши керек эле. Жыйынтыгында, 1- орунду Мээрим Султаналиева аттуу катышуучу жеңип алып, “Карабулак” тоолуу эко-мейманканасына 2 кишилик жолдомо жана “By Eliza” брендинен колго тигилген кооз жоолук белекке алды.

null

2-орунга Жибек Кенжебек кызы ээ болуп, өзгөчө атмосферасы бар “Clever.bishkek” ресторанына акысыз тамактанууга сертификат, “Veste” дүкөнүнө көйнөк сатып алууга сертификат жана “Jurt design” брендинен эксклюзивдүү кеп такыя утуп алды.

null

Ал эми 3-орунга Жунусова Аксана атуу окурманыбыз ээ болуп, ага “Asenat” дүкөнүнөн кооз көйнөк жана жоолук, мусулмандардын “Nusra” нике агенттигинин кызматына акысыз сертификат белекке берилди.

null

Диний ишмер, Ислам укугу боюнча мугалим, бизнес-леди, эмгекчил жана позитивдүү айым Лола Тургунова айымдардын биримдиги, башкалар тууралуу жакшы ойдо болуу жөнүндө мыкты баян айтты.

null

Бул иш-чарага көпчүлүгүнө үлгү боло турган, Айзат аттуу эмгекчил айым да чакырылган. Ал жашоосундагы чоң кырсыктан кийин бир колунан ажырган. Буга карабай, Айзат айым кол куушуруп отуруп калбай, Жараткандын сыноосуна сабыр кылып, сулуулук тармагында эмгектенип келет.

null

Айзаттын тайманбастыгы, эрктүүлүгү жана эмгекчилдиги үчүн улуттук кийимдерди жайылткан, сапаттуу жана кооз “Мурас Оймо” брендинин негиздөөчүсү Орокеева Жыпариза Айзат айымга жана аны менен бирге келген Бактыгүл айымга кийим белек кылды.

null

“Умма” журналы өз иш-чараларына коомдун аялуу катмары болгон мүмкүнчүлүгү чектелген мекендештерди ар дайым чакырып, аларга колдоо көрсөткөнгө аракет кылат. Мына ошондой мекендештерибиздин бири Нурргүл Чыдыновага да Кыргызстандагы “Даина фешн” аттуу бренддин негиздөөчүсү Нур Жумагүл кооз көйнөк белек кылды.

null

Ошондой эле, Нургүл айымга Москвада иштеген Нурайым Мамытова аттуу мекендешибиздин берип жиберген чакан каражаты да берилди.

null

Баарыбыз билгендей, адамга дени сак жашоо үчүн эң маанилүү факторлордун бири бул туура уйку болуп саналат. Азыр гаджеттердин заманы болгондуктан, тилекке каршы көпчүлүгү туура уйкуну акыркы планга калтырып, анча көңүл бөлбөй келет. Иш-чаранын алкагында хэлз-коуч, туура уйку боюнча адис Назгүл Сулайманова кантип эрте ойгонуп, бир күн бою энергиялуу жүрүү мүмкүн экендигин айтып берди.

null

Мындай иш-чараларда жалпы айымдарга үлгү боло турган адамдар тууралуу айтып берүү да маанилүү. “Умма” журналынын башкы редактору Элиана-Марьям Сатарова ишкер айым Сидра Турсунованы сахнага чыгарып, конокторго бул айымдын басып өткөн ары татаал жана ары кызыктуу өмүр жолунан кеп салды. Баса, Сидра айым жума күнүнүн урматына 100 нанды пенсионерлерге акысыз таратып келчү. Анын, мындан сырткары, коомчулукка айтыла бербеген кайрымдуулук иштери көп.

null

“Амина ажы” атындагы медреседе устаза Марьям Мамажакыпова “Бейиштик аялдар” деген темада сөз сүйлөп, чыныгы мусулан аялдардын кандай сапаттарга ээ болуусу керектиги тууралуу мыкты баян айтты.

null

Иш-чаранын соңунда ар бир конок «Human Appeal» кайрымдуулук фонду даярдаган белек баштыкчаларын алышты.

null

Андан соң даамдуу кофе-брейк үстүндө жагымдуу баарлашуу болду.

null

Бүткүл дүйнөлүк Жоолук күнү Кыргызстанда коомчулук тарабынан жылуу кабыл алынып, 2017-жылдан бери аны жергиликтүү жана эл аралык 40тан ашуун массалык -маалымат каражаттары чагылдырды.

null

Башкы редактор Элиана – Марьям Сатарова жетектеген “UMMA” журналынын демилгеси менен “Жоолук күнү” Кыргызстанда белгилүү жана жагымдуу брендге айланды дей алабыз.

null

Биздин иш-чаралар социалдык мүнөздө болуп, ар дайым акысыз негизде өткөрүлөт

Кошумчаласак, Бүткүл дүйнөлүк жоолук күнүн өткөрүүгө былтыр Нарын облусу кошулса, быйыл Талас, Жалал-Абад, Оштун Өзгөн районундагы Мырзаке айылы, Оштогу “Сулайман-Тоо” мечити да мыкты программа менен өткөрүштү.

null

Эми Кыргызстандын ар бир облусунан Жоолук күнүн белгилөөнү сунуштап, бизге кат жөнөтүшүүдө

null

5 жылдан бери айымдарга жагымдуу маанай тартуулап, Жоолук күнүн өткөрүүгө колдоо көрсөткөн бардык демөөрчүлөргө, ыктыярчыларга жана жакын санаалаштарыбызга терең ыраазычылык билдиребиз!

null



Намаз убактылары
29 апрель 2024г.
Багымдат
4:10
Күндүн чыгуу
5:59
Бешим
12:59
Аср
17:55
Шам
20:04
Куптан
21:19
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов